КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 6
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
2021-жылы алты айдын жыйынтыгы менен кабыл алынган пландан киреше салыгы ашык түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап 2021-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Киреше салыгынын ашык аткарылгандыгына байланыштуу төмөндөгү иш чараларга:
- 60000 сом 1-С Бухгалтериянын программасын жаныртууга;
- 30000 сом канцелярдык товарларга;
- 30000 сом айыл аймагынын маданият үйлөрүнө, китепканаларына, административдик имаратына чарбалык буюмдарды алууга;
- 25000 сом Тогуз-Булак айылына күндүзгү стационарына үчүн суу киргизүүгө үчүн курулуш материалдарын алууга;
- 50000 сом айылдардагы таштандыларды чыгаруу үчүн күйүүчү май алууга;
- 10000 сом социалдык жардамдарга;
- 45000 сом кызматтык унаага тетиктерди алууга;
Бардык сумма 250000сом (Эки жүз элүү миң сом)
2. Бардык 250000 сом акча каражаты 2021-жылдын 3-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Э. Муканбетов |