Редакцияот 05.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы

 

2021-жылдын 5-июлу № 7

А.Керимовага курулуш материалдарын алууга каралган акча каражатын курулушчуларга эмгек акы катары өзгөртүү жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Тогуз-Булак айылынын тургуну, I группадагы инвалид Айдай Керимовага курулуш материалдары демөөрчүлөр аркылуу алынып берилгендигине байланыштуу, курулуш материалдарын алууга каралган 60000 (алтымыш миң) сом акча каражаты ушул эле Керимова Айдайдын үйүнүн курулушун куруучуларга эмгек акы катары өзгөртүлсүн жана төлөнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине  тапшырылсын.

 

Төрага

Э. Муканбетов