Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 10-марты № 04

Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун Жобосунун функциясына “Д.О.В.” ИСКАКБ бирикмесинин милдетин киргизүү жѳнүндѳ

2021-жылдын 03-мартындагы №1 айылдык чогулушунун протоколунун негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши  карап талкуулап чыгып, токтом кылат:

 

1. Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун Жобосунун функциясына, Кара-Ой айылынын “Д.О.В.” Айылдык суу пайдалануучулардын коомдук бирикмесинин милдети киргизилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин “Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу” жана «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Б.У. Усенбеков