Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 10-марты № 05

ТЖКЧжЖТК тутумунун кызматкерлеринин жана жумушчуларынын штаттык бирдигин бекитүү жѳнүндѳ

ТЖКЧжЖТК тутумунун 2021-жылдын 03-мартындагы №07 сунуштоо катын, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:

1. Кара-Ой айылынын “Турак жай коммун алдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунунун Жобосунун функциясына, Кара-Ой айылынын “Д.О.В.” Айылдык суу пайдалануучулардын коомдук бирикмесинин милдети киргизилгендигине байланыштуу, штаттык бирдиктеги кызматкерлеринин айлык маянасына тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

- Директор 15000 (он беш миӊ) сом айлык маянасы менен;

- Директордун орун басары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси 10000 (он мин) сом;

- СЖОиТБО мастери 8600 (сегиз мин алты жүз миӊ) сом айлык маянасы менен;

- Башкы эсепчи 14000 (он тѳрт миӊ) сом айлык маянасы менен;

- Бухгалтер-кассир 10000 (он мин) сом айлык маянасы менен;

- Ичүүчү суу боюнча оператор-инженер 7000(жети мин) сом;

- Слесарь-оператор (эки штат) 6000 (алты мин) сом;

- Молдоиса, Калыгул, Жүзүм кѳчѳлѳрүнѳ контролер 5000(беш мин) сом;

- Ильязов, Карабалаев, Совет кѳчѳсүнүн чыгыш тарабына контролер-5000(беш мин)сом;

- Тологонов, Жаны конуш, Совет кѳчѳсүнүн батыш тарабына контролер-5000(беш мин) сом;

- «Ортокчул», «Фрегат», «Почта», «Жүзүм» скважиналарына кароолчу (4 штат)- 5000(беш мин) сом;

- Ар кыл жумушчулар (2 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;

- Айдоочу трактористтер (6 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;

- Сварщик-ремонтник (1 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;

- Таштанды таштоочу жайынын кароолчусу менен чарбалык короонун кароолчусуна 3200 (үч миӊ эки жүз) сомдон ар бирине айлык маянасы менен;

2. «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун» кызматкерлеринин жана жумушчуларынын аткарган кызматтарынын жана жумуштарды аткарууда, иш күнүнүн ченемге салынбагандыктан жогорудагы штаттык кызматкер жана жумушчуларынын эмгек маянасына 25% жана скважиналардын кароолчуларына 50%  кошумча тѳлѳм кошулуп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Б.У. Усенбеков