АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3 СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 7-июлу № 10
Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы А.Баямановдун жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин долбоору алымча – кошумчасы менен 1 266,0 (бир миллион эки жүз алтымыш алты миң) сом деп бекитилсин.
2. Жайт комитетине түшкөн каражаттардын үчтөн бир бөлүгүн (жайыт салыгы) алып калуу менен өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жаныбековага тапшырылсын.
3. Бюджетти өз багыты менен пайдалануу жайыт комитетинин төрагасы А.Баямановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Алиевге тапшырылсын.
Төрагасы | А. Тыныбеков |