УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН III СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 1-июлу № 8
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчисинин маалыматы жөнүндө
Улахол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси А.Ашымбековдун маалыматын угуп, талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбековдун маалыматы жактырылсын.
2. Жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбековго 2021-жылдын 10-июлунан кийин жайыттардагы жолдорду оңдоо жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбеков менен айыл өкмөтүнүн башчысы М.Бейшеевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы А.Жолалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Жолалиев |