УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН III СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 1-июлу № 20
«Кумтөр чакан кредит» долбоору жөнүндө
Айылдык Кеңештин депутаты Р.Акишованын кайрылуусун угуп, талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагы “Кумтөр чакан кредит” долбоору боюнча төмөндөгүдөй 7 кишиден турган комиссия түзүлсүн:
Акишова Рима – комиссиянын төрайымы;
Чынгожоев Уйчубек – комиссиянын мүчөсү;
Жолалиев Асылбек – комиссиянын мүчөсү;
Батырканов Асылбек – комиссиянын мүчөсү;
Таалайбек кызы Кайыркүл – комиссиянын мүчөсү;
Садыкова Алийман – комиссиянын мүчөсү;
Мамбетова Кенжегүл – комиссиянын мүчөсү.
2. Улахол айыл өкмөтүнө Айыл Банктын Балыкчы филиалы менен эки тараптуу келишим түзүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы А.Жолалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Жолалиев |