ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын II- сессиясы
2021-жылдын 20-майы № 8
“Түп айыл аймагындагы малдарды жайлоого кѳчүрүү иш-чараларын күчѳтүү жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги; Түп айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасынын сунушун кароо (айыл ичиндеги малдар тууралуу) жана жайлоого айрым малчылардын кѳчпѳй жаткандыгына байланыштуу, маселени карап чыгып, талкуулап, айыл аймагынын кѳптѳгѳн кайрылууларын канааттандыруу жана айыл аймагында тартипти күчѳтүү максатында, Түп айылдык кеңешинин XXIII-чакырылышынын II-сессиясы токтом кылат:
1. Жайлоого кѳчпѳй жаткан мал ээлерине айылдык кеңештин №133 токтомун аткарбагандыгы үчүн;
Биринчи жолкусунда:
Уй, жылкыга 2-миң сомдон айып пул салынсын
Койго бир башка 200-сом айып пул салынсын
Экинчи жолкусунда:
Уй, жылкыга 5-миң сомдон айып пул салынсын
Койго бир башка 300-сом айып пул салынсын
Үчунчү жолкусунда:
Уй, жылкыга 7-миң сомдон айып пул салынсын
Койго бир башка 500-сом айып пул салынсын.
2. Айыл ичиндеги бадага кошпой ѳз алдынча багып жүргѳн мал ээлерине жана айылдын ички мыйзамдарын бузуп кезүү менен ѳз алдынча багып айылдын ичин булгап, адамдар жүрчү жерлерди булгап, тигилген кѳчѳттѳргѳ зыян келтиргендиги жана айылдын эстетикалык кѳркүн бузгадыгы үчүн айыптын ѳлчѳмү жогоруда кѳрсѳтүлгѳн тартипте салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жана аткарууу жагы Түп айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Абышев К.М. жана Түп айыл ѳкмѳтүнүн мал чарба адиси Кабаев Н. Ѳ. жүктѳлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрайым | А.О. Орозбекова |