Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын XXXIV- сессиясы

 

2021-жылдын 19-марты № 135

“Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетине малдарды дарылоо максатында купка курууга жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ”

Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетинин маалыматын угуп жана Түп айылдык аймагынын малдарынын ооруларын алдын алуу максатында жана Түп айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен ПСД жасатууга акча каражаты бѳлүнүп алдын ала иштердин башталган жагдайларды эске алуу менен, маселени талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIV-cсессиясы токтом кылат:

 

1.Түп айылдык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетине 797 контурдан жайыт жерден 1 гектар жер купка курууга бѳлүнүп берилсин.

2. Жайыт комитетинин тѳрагасы Абышев К.М. кыска мѳѳнѳттүн ичинде иш кагаздарын ирээтке келтирип купканы куруу иштерин баштоосу милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын м.а. К.Н.Курманалиевге жана жайыи комитетинин мүчѳлѳрүнѳ жүктѳлсүн.

 

Төрайым

А.О. Орозбекова