МИХАЙЛОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МИХАЙЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XLIV (КЕЗЕКСИЗ) СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 1-апрели №2
2021-жылдын жайлоого чыкчу малчылардын мал багуу акылары, жайыттарды пайдалануунун наркы жана айдоо жерлерге мал кирип кеткен үчүн айып пул жөнүндө
Айыл өкмөт башчысынын, жайыт пайдалануучулардын комитетинин төрагасынын, малчылардын жана айыл тургундарынын маалыматын угуп жана талкуулап К.Р. бузуулар жөнүндө кодексине таянып Михайловка Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайлоого чыкчу малчылардын мал багуу үчүн төмөнкү баалары бекитилсин:
- Бодо мал (жылкы,уй) -400 (төрт) сом (эки тараптуу келишим түзүү менен)
- Кой -85 (сексен беш) сом
- Айыл ичиндеги бада -300 (үч жүз)сом
2. 2021-жылына карата жайлоо жайыттарын Кичи жыңалач, Токтоян участкаларын жана токой чарбасынын жерлерин пайдалануу боюнча Токой чарбасы жана жайыт комитетинин ортосундагы макулдашуунун негизинде мал башына төмөнкүдөй жайыт акысы бекитилсин:
- Чоң уйларга 1башына -90 (токсон) сом
- Жылкыга 1 башына -90 (токсон) сом
- Кой-эчки 1 башына -25 (жыйырма беш) сом
3. Михайловка айыл аймагында жашаган жарандардын социалдык абалына жараша айдоо жерлерге мал кирип кеткен үчүн жана айыл аймакта мыйзамсыз мал алып калган жарандага (бададан тышкары) айып пул төмөнкүдөй бекитилсин жана келтирилген чыгым төлөнүп берилсин.
- Бодо мал жана жылкы - 1000(бир миң) сом/1баш
- Кой -1000 (бир миң) сом /10башка чейин
-5000 (беш миң) сом/ 25башка чейин
-10 000(он миң0сом/25баштан жогору
- Үй канаттуулары -100 (жүз) сом/1баш
4. Жайлоого жайытка малды чыгаруу 05-майдан кечиктирилбестен көчүрүлүп 15 –сентябрдан кийин көчүп келүү коюлсун, таза кандуу жылкылар 15-июндан кечиктирилбестен көчүү коюлсун,жайкы жайыттырга мыйзамсыз отурукташып алгандарга жана Айылдык Кеңештин чечимин бузуп аткарбагандарга КР “Бузуулар” кодексинин негизинде жаза айып пул коюлсун.
5. Айылдык Кеңештин бул токтомун Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү Ж.Мамбетакуновага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана жайыт комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Токтосунов |