Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МИХАЙЛОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

МИХАЙЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 18-майы №3

Михайловка айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

Михайловка айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө депутаттардын маалыматын, сунуштарын угуп жана талкуулап  айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Михайловка айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин иш-кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

2. Айылдык кенешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына каттоо жагы жооптуу катчы Ж.Мамбетакуновага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук коргоо жана депутаттык этиканы сактоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым

И. Лихобабина