Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МИХАЙЛОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

МИХАЙЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 18-майы №1

Михайловка айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештердин депутаттары жөнүндө мыйзамына ылайык Михайловка айылдык кенештин 28-чакырылышынын депутаттарынын маалыматын, сунуштарын угуп жана талкуулап Михайловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Михайловка айылдык кеңешинин төрага кызматына жашыруун шайлоонун жыйынтыгынын протоколунун негизинде Лихобабина Ирина Михайловна бекитилди.

2. Бул токтомдун аткарылышы укук коргоо жана депутаттык этиканы сактоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым

И. Лихобабина