Редакцияот 26.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXXV СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 26-марты № 4

«Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата таштандыларды алуу жана айып салуу, айыл чарбага карата техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган бааларын бекитүү жөнүндө

Бостери айыл аймагынын «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Керимбековдун 2021-жылга карата таштандыларды алуу жана айып салуу, айыл-чарбага карата техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган баалары бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, Бостери айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Бостери айыл аймагынын «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата таштандыларды алуу жана айып салуу, айыл-чарба техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган баалары төмөнкүдөй бекитилсин:

 

№

Тейлөө кызмат акыларынын аталышы

Белгиси

Баасы (сом)

1.

Айыл тургундарынан алынуучу төлөм

1 короодон

50-00

2.

Городоктун жашоочуларынан

1 адамдан

15-00

3.

Эс алуу жайлары өз техникасы менен таштанды төгүүчү жайга төгүшсө, төлөм

1машина 3,5 куб.метр

700-00

4.

Эс алуу жайларынан ишкананын техникасы менен таштанды алынса

1контейнер

250-00

5.

Айыл тургундары өз женил техникасы менен таштанды төгүүчү жайга төгүшсө, төлөм

1 куб.метр

200-00

6.

Бостери айыл аймагынын тегерегинде өз алдынча таштандыларды төккөндөргө айыптын төлөмү

Ордунан далилдеп

1000 сомдон-5000 сомго чейин

7.

Погрузчиктин кызмат акысы

1саат

1000(25литр ГСМ)

8.

Автогрейдердин кызмат акысы

1саат

3000сом

9.

Комбайндын кызмат акысы

1га

 2200сом

10.

Соконун кызмат акысы

1га

1000(25литр ГСМ)

11.

Сеялканын кызмат акысы

1га

1000сом

12.

Чөптү түктөөчү шаймандын акысы

1тук

15сом

13.

Чөп чабуучу шаймандын акысы

1га

1400сом

2. Токтомдун аткаруу жагы «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына  милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

Төрага

Э. Иманалиев