ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 266
“Чон-Сары-Ой суу чарбасы” муниципалдык ишканасын мамлекеттик каттоо (түзүү) жɵнүндɵ
Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши аймактагы калкты ичүүчү суу менен сапаттуу камсыз кылуу максатында тɵмɵндɵгүлɵрдү кабыл алды:
1. Тɵмɵндɵгү аталыштагы юридикалык жак түзүлсүн:
Толук фирмалык аталышы:
-Кыргыз тилинде: “Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын таза суу чарбасы” муниципалдык ишканасы
-орус тилинде: Муниципальное предприятие “Чон-Сары-Ой Водоканал”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
-кыргыз тилинде: “Чон-Сары-Ой таза суу чарбасы” МИ
-орус тилинде: МП “Чон-Сары-Ой Водоканал”
2. “Чон-Сары-Ой суу чарбасы” МИ нын юридикалык дареги катары тɵмɵнкү дарек аныкталсын: Кыргыз Республикасы Ысык-Кɵл областы Ысык-Кɵл району Чон-Сары-Ой айылы Ж.Абдырахманов кɵчɵсү №28
3. Ɵз алдынча иштелип чыккан “Чон-Сары-Ой суу чарбасы” МИ нын уставы бекитилсин.
4. “Чон-Сары-Ой суу чарбасы” МИ нын уставдык капиталын толуктоого 100000 (бир жүз мин) сом акча каражат жергиликтүү бюджеттен бɵлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
6.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
7. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика жана «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э. Кожокеев |