Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 19-февралы № 3

Көк-Мойнок айыл аймагындагы таштандыларды чыгаруу жөнүндө

Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Көк-Мойнок айыл аймагында жашаган ар бир түтүн ээлерине өз ара жыйымдар 25 сом өлчөмүндө алынсын .

2. Бул токтомду аткаруу жагы салык кызматкери Н.Намазовага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин

 

Төрага

А. Джодаев