Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 19-февралы № 4

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлеринин жана китепканачылардын штаттык бирдиктерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 19.02.2021-жылдагы №040 корутундусуна ылайык жана «Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек штаттарынын зыяндуулугуна карата кошумча компенсация төлөнүү аныктоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө » буйругуна ылайык, Көк-Мойнок айыл өкмөттүнүн аппараттык кызматкерлеринин жана китепканачылардын 2021-жылдык тарификациясына киргизүү боюнча сунуш менен таанышып жана Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарын угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлеринин жана китепканачылардын штаттык бирдигине кошумча компенсация төлөө киргизилсин.

2. Компенсация төлөө 2021-жылдын 1-январынан баштап төлөнүп берилсин.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн чыгым 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.

4. Токтомду аткаруу алуу максатында КР ФМ Тоӊ башкармалыгына сунуштоо жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сманова Нуржан Кенжебековнага тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага жана айылдык Кенешинин төрагасы А.Б.Джодаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Б. Джодаев