Редакцияот 26.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-апрели № 9

Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Эсеп-кысап бөлүм башчы Н.Бектемированын маалыматын угуп жана талкуулап, Туз орто мектебинин стадионунда миңи-футбол аянтчасын курууга жана “Алтын Балаты” бала-бакчасына эмерек сатып алууга колдонулбаган калдыктын эсебинен акча которуу максатында

Туз айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Туз орто мектебинин стадионунда миңи-футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен  70921-чи бөлүмүнүн 3111-чи статьясынан 3 936 700 (үч миллион тогуз жүз отуз алты миң жети жүз) сом, 70911-чи бөлүмүнүн 3112-чи статьясынан 390 500 (үч жүз токсон миң беш жүз) сом бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Мусаходжаев