Редакцияот 22.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 4-сессиясы

 

2021-жылдын 22-июлу № 3

Жаңы курулган бала бакчага ат коюу жөнүндө

Көп жылдардан бери мугалим болуп эмгектенип, балдарды тарбиялаганга зор салымын кошкон, ушул тармакка эмгеги сиңген, эл агартуунун отличниги Алымкулов Төлбашынын ысымын жаңы курулган бала бакчага ыйгаруу тууралуу айыл калкынын кайрылуусу боюнча Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовдун сунушун карап талкуулап  канааттандыруу максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин XXXХ – чакырылышынын 4-сессиясы токтом кылат

 

1.Кең-Арал айылында жаңы курулган бала бакча Алымкулов Төлбашы атындагы бала бакча болуп аталсын.

2.Талас областык башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

2.Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Б. Токонов