Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын 4-сессиясы

 

2021-жылдын 14-майы № 1

Кирпич завод курууга жер аянтын берүү жөнүндө

Кең-Арал айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун башчысы Б.Иманбековдун кайрылуусун карап талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин XXXIХ - чакырылышынын 4-сессиясы токтом кылат

 

1.Кең-Арал айыл аймагынын административдик чегинде жайгашкан  № 204 контурдагы жалпы 1,5 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун ишке ашыруу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

И. Жумабеков