КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 3-сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 2
2021-жылга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун кароо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштоосун карап талкуулап Кен-Арал айылдык аймактык Кеңешинин ХХХХ-чакырылышынын сессиясы талкуулап чыгып
Токтом кылат:
1. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү менен 4785,1миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 4785,1 миң сом деп белгиленсин.
2. 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү менен 4839,4 миң сом, ал эми чыгаша 4839,4миң сом менен белгиленсин.
3. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү менен 4894,7 миң сом, ал эми чыгаша 4894,7 миң сом менен белгиленсин
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Экономика Министрилигин сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кен-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго жүктөлсүн.
Төрага: | Б. Токонов |