Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2018-жылдын 3-декабры № XХVI/III
Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылында кичи футбол аянтчасына өздүк салым кошуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Атамбеков орто мектебине кичи футбол аянтчасын курууга өздүк салым үчүн акча каражаты 2019-жылдын бюджетинен 500235 (беш жүз миӊ эки жүз отуз беш ) сом каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл Белес айыл өкмөтүнүн ФЭБтин башчысы Ж. Такырбашовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеӊештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы |
У. Турдубеков |