Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2019-жылдын 18-июну № XХXIV
Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы “Ат-Кулак” жайлоосундагы жаратылышты коргоо, эс алуучу жайлардын тазалыгын жана өрт коопсуздугун сактоо боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын “Ат-Кулак” жайлоосундага эс алып чыккан жарандар өрт коопсуздугун жана жаратылышты коргоо менен эс алуучу жайлардын тазалыгын сакташсын.
2. Кызыл Белес айыл аймагынын “Ат-Кулак” жайлоосунун кире беришиндеги тосмодон өтүү үчүн сырттан келген жеӊил автомашинага 200 сомдон, грузовой машинага спринтерге 300 сомдон акча төлөп өтүшсүн.
3. Кызыл Белес айыл аймагынын “Ат-Кулак” жайлоосундага эс алып чыккан жарандар өрт коопсуздугун жаратылышты коргоо, жана эс алуучу жайлардын тазалыгын сакташсын, тазалыгын сактабаган жарандарга айыл мыйзамынын негизинде эскертүүлөр берилип, айып пулдар (штрафтар) салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ат-Кулак” жайлоосунун тазалыгына көзөмөл кылуучу жана тосмонун каролчусу Калиев Имерге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |