Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы
2019-жылдын 5-сентябры № XХXVI/I
Жеке ишкер Шерматов Бактытбектин арызын кароо боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылынын тургуну жеке ишкер Шерматов Бакытбекке мыйзам чегинде алма, өрүк жана башка бак дарактарды өстүрүү үчүн 1 гектар 5 (беш) жылдык мөөнөткө мыйзам чегинде эки тараптуу келишимдин негизинде Жайыт комитетинин директору жана жер адиси, жер комиссиясы менен биргеликте ала турган жери такталып, арендага берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл Белес айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |