КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-июну № 28-2/5
Покровка-Арал автотрассасына Залкар төкмө акын,Кыргыз Республикасынын эл акыны, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Арал айылынын Маданият үйүнүн жетекчиси М.Джолчубековдун кайрылуусун карап, талкуулап токтом кылат:
1. Покровка – Арал айылынын киреберишине чейин автотрассага Залкар төкмө акын, Кыргызстандын, Казакстандын эл акыны, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага: | К. Узенбеков |