Редакцияот 11.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 11-ноябры № 27-34/148

Кайынды айыл аймагынын Кайынды, Нылды, Сыры-Булак айылдарына бала бакча ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын _____ айындыгы №______ маалымат катынын негизинде жана Кайынды, Нылды, Сары-Булак айылдарынын жашоочуларынын 2020-жылдын августундагы жазган кайрылуулары менен таанышып жана талкуулап токтом кылат:

                                     

1.Кайынды айылындагы муниципиалдык менчиктеги имаратына «3-5 жаш курактагы   балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга» 2 тайпага ылайыкташтырылып, 2 бөлмө ажыратылып берилсин.

2.Нылды айылындагы Ө.Израилов атындагы мектебинин «3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга» эки тайпага ылайыкташтырылып эки бөлмө ажыратылып берилсин.

3.Сары-Булак айылындагы Сары-Булак башталгыч мектебине «3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык ) ачууга» бир тайпага ылайыкташтырылып бир бөлмө ажыратылып берилсин.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковго милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары  Ч.Дүйшөбаевага  жүктөлсүн.

 

Төрага:

Б. Алымбаев