КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-ноябры № 27-34/155
Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектебинин имаратынын эшик, терезелерин жаңыртууга уруксат берүү жөнүндө
А.Үсөнбаев имаратынын эшик, терезелерин жаңыртууга сунушталган проектиге колдоо көрсөтүү максатында токтом кылат:
1. А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин имаратынын эшик терезелерин жаңыртууга дем берүүчү грант аркылуу сунушталган долбоорун колдоо максатында, дем берүүчү грант аркылуу жазылган проектиге өздүк салым катары 720,0 миң сом акча каражаты 2021-жылы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин .
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага: | Б. Алымбаев |