КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-ноябры № 27-34/157
А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин айланасын курчоо жөнүндө
Арал айылында жайгашкан А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин окуучуларынын жана имараттын коопсуздугуна кам көрүү максатында токтом кылат:
1. А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин имаратынын айланасын курчоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400,0 миң сом акча каражаты бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага: | Б. Алымбаев |