Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 10-марты № 27-36/166

Кайыңды айыл өкмөтүнө дан эгиндерди оруучу комбайн сатып алууга уруксат берүү жөнүндө

Айыл аймагынын тургундарынын жана дыйкандардын кайрылуусунун негизинде токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнө дан эгин оруучу комбайын жана сепкич сатып алуу үчүн 3,0 млн. сом акча карааты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.

2. Комбайн менен сепкичти сатып алууга жетпеген акча каражатын банк аркылуу кредит алууга уруксат берилсин жана банкка төлөнүлүүчү үстөк пайызын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду аткаруу жагын көзөмөлдөө жагын Кайыңды айылдык кеңешине тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Алымбаев