ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 3
Залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиев жөнүндө
КР Эмгек сиңирген артисти, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында жана 90 жаш салтанатына карата Покровка-Көк-Ой багытындагы автотрассасына Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгаруу боюнча Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.Курманалиевдин 10.05.2021-жыл №01-27/ сандуу катын айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. КР Эмгек сиңирген артисти, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында жана 90 жаш салтанатына карата Покровка-Кок-Ой багытындагы автотрассасына Эстебес Турсуналиевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу,орун басар З.С.Буркутбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |