Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 16-февралы № 10

Көчө комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

Көчө комитети бардык көчө тургундарынын бири-бири менен болгон биримдигин чыңдоо,ар бир үй-бүлөгө тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо,алардын жарандык укуктарын коргоо,жашоо шарттарын жакшыртуу,аймакты жашылдандыруу жана санитардык ченемдерди сактоо максатында Покровка айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Көчө комитеттери жөнүндөгү жобо бекитилсин.

2. Покровка айыл өкмөтү бекитилген жобого ылайык иш алып барсын.

 

Төрага

М. Т. Садыков