Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 16-февралы № 13

Спорт оюндары жөнүндө

Манас райондук дене тарбия жана спорт инструктору Н.Жумабековдун кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап

токтом кылат:

1.Манас райондук дене тарбия жана спорт инструктору Н.Жумабековдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Покровка айыл аймагындагы спорттун түрлөрү боюнча командалардын ар кандай мелдештерге катышуусу үчүн, 2021-жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен  200 000 сом бөлүнсүн.

3.КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М. Т. Садыков