ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2- кезектүү сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 4
Балдар аянтчасына ысым ыйгаруу жөнүндө
Покровка айылынын К.Жаманкулов жана Кызыл Туу көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. “Талас” колхозунда көп жыл эмгек кылган алдынкы ишкер, мыкты чабан Макулбек Атанын ысымын Покровка айылынын К.Жаманкулов жана Кызыл Туу көчөсүнүн кесилишиндеги балдар аянтчасына ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусу канаааттандырылсын.
2. Покровка айылынын К.Жаманкулов жана Кызыл Туу көчөсүнүн кесилишиндеги балдар аянтчасына “Макулбек Ата” ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу, орун басар З.С.Буркутбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У. Джапаркулов |