Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
15-сессия
2019-жылдын 25-сентябры № 101/XV-27
Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, көйгөйлөрдү анализдөө, чечүү жолдору, келечектүү пландар жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыктысактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып жана Кант шаардык мэриясынын “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, көйгөйлөрдү анализдөө, чечүү жолдору, келечектүү пландар жөнүндөгү” маалыматы менен таанышып, белгиленген иштер аткарылганы байкалды.
Кант шаарында 5 жалпы билим берүү мекемелери бар.
2019-2020-окуу жылынын башталышында Кант шаарындагы орто мектептерде жалпы 5143 (4984) окуучу билим алып баштаган.
Д.П. Зубков атындагы №1-Кант орто мектеп-гимназиясында 2019-2020-окуу жылынын башында 1705 окуучу билим алууда (долбоорлуксыйымдуулугу 640). Алардын ичинен башталгыч мектепте22 класс-комплектте 796 окуучу. 5-класстан 11-класска чейин - 909 окуучу, 31 класс – комплект.
Мектепте жалпысынан 64 мугалим эмгектенет.
Окуу-тарбия процессинин натыйжалуулугун жогорулатуунун бирден бир чен белгилери болуп жөндөмдүү балдарды колдоо, камкордук көрүү, ошондой эле педагогдордун эмгегине өбөлгө түзүү болуп эсептелет.
Буга Кант шаарынын мэриясы менен жалпы билим берүү мекемелеринин педагогикалык жамаатынын биргелешкен иши бирге багытталышы керек.
2018-2019-окуу жылдарынын жыйынтыгы менен Кант шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринен 23 окуучу окуудагы жетишкендиктери жана мектептин коомдук иштерине жигердүү катышкандыгы үчүн Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана Мактоо баракчасы менен сыйланышты. аларды сыйлоо үчүн мэриядан 70,0 (жетимиш) миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Окуучулардын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыгы – окуу-тарбия процессинин негизги баскычтарынын бири. ЖРТнүн жогорку баллы бул-бүтүрүүчү класстардын мугалимдеринин гана эмес, жалпы педогогикалык жамааттын иши болуп саналат.
2018-2019-окуу жылында окуучулардын ЖРТнүн жыйынтыгы:
- 110 баллдан төмөн-12%;
- 110-150 балл-60%;
- 150-200 балл-26%;
- 200 баллдан жогору-2%.
Баса белгилеп кете турган жагдай, ЖРТгө катышкан №1-КОМГнын бүтүрүүчүлөрү жогорку жыйынтыктарды багынтып, үч жыл катары менен окуучуларга “Алтын сертификат” тапшырылды:
1. 2016-2017-окуу жылында – Абасов Байрам – 218 балл;
2. 2017-2018-окуу жылында – Тимофеев Иван – 221 балл;
3. 2018-2019-окуу жылында – Шнур Владислав – 221 балл.
2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы менен 9-класстын эки, 11-класстын төрт окуучусу “эң мыкты” деген баалар менен мектепти аякташты.
Мектептин бекем базасын башталгыч класстардын жана орто топтогу мугалимдер түптөй тургандыгын 9-класстардын мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы, 4-класстын окуучуларынын жыйынтыктоочу тест тапшырууда жогорку баллга ээ болуп, “Эрудит” сынагында байгелүу орундарды ээлегендиги көрсөтүп турат.
Мектептин педагогикалык жамаатынын окуу-тарбиялык ишин талдоодо билим берүү сапаты 42%ды, жетишүүсү- 99,6%ды көрсөтүп турат.
Мектеп окуучулары ар кандай деңгээлдеги олимпиадаларга жигердүү катышып турушат:
-мектеп ичиндеги - 563, жеңүүчүлөр - 282;
-райондук - 33, жеңүүчүлөр - 19;
-облустук - 11, жеңүүчүлөр – 8.
К.Рыскулова атындагы №2-Кант орто мектеп-гимназиясында 2019-2020-окуу жылынын башында777окуучу билим алууда (долбоорлуксыйымдуулугу350). Алардын ичинен башталгыч мектепте34 класс-комплектте 339окуучу. 5-класстан 11-класска чейин - 448окуучу, 20 класс – комплект.
Мектепте жалпысынан 43 мугалим эмгектенет.
Мектептин педагогикалык жамаатынын окуу-тарбиялык ишин талдоодо билим берүү сапаты 41%ды, жетишүүсү- 100%ды көрсөтүп турат.
Мектеп окуучулары ар кандай деңгээлдеги олимпиадаларга жигердүү катышып турушат:
-мектеп ичиндеги - 420, жеңүүчүлөр - 267;
-райондук - 29, жеңүүчүлөр - 7;
-облустук - 1, жеңүүчүлөр – 1.
2018-2019-окуу жылында ЖРТгө 35 окуучу катышты, 150-200 балл мыкты жыйынтыкка 2 окуучу, 110-150 баллга 16 окуучу ээ болду.
2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы менен 9-класстын бир окуучусу жана 11-класстын бир окуучусу мектепти “эң мыкты” баа менен аякташты.
Райондук “Эрудит” олимпиадасынын катышуучулары-башталгыч класстын окуучулары жогорку жыйынтыктарга жетишишти, 1-орунга 3 окуучу, 1окуучу 2-орунга ээ болду.
№3-Кант орто мектеп-гимназиясында 2019-2020-окуу жылында 996окуучу (долбоорлуксыйымдуулугу 680)түзүлгөн 47-класс-комплектте билим алышууда. Педагогикалык эмгек жамаат бул-40 компетенттүү мугалимдер.
Мектептин педагогикалык жамаатынын окуу-тарбиялык ишин талдоодо билим берүү сапаты 48%ды, жетишүүсү- 100%ды көрсөтүп турат.
Олимпиадаларга катышуу:
-мектеп-365, жеңүүчүлөр - 150;
-райондук-7, жеңүүчүлөр-3;
-облустук -3, жеңүүчүлөр- 0
2018-2019-окуу жылында ЖРТгө окуучулардын 95,3%ы катышып, 83,6%ы 110 баллдан жогору баллдарды алышты.
Эксперттик комиссиянын талдоосу билимди жогорулатуу боюнча системалык иштердин жыйынты ЖРТдөгү көрсөткүчтөр экендигин көрсөтөт.
2018-2019-жылдын жыйынтыгы менен 9-класстын төрт окуучусу, 11-класстын төрт окуучусу мектепти “эң мыкты” баалар менен аякташты.
Райондук “Эрудит” олимпиадасында 4-класстын окуучулары жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшүп, 1,2,3-орундарга ээ болушту.
2019-2020-окуу жылынын башында№4-Кант орто мектеп-гимназиясында 1353 окуучу билим алган (долбоорлук сыйымдуулугу 720) окуучулар үчүн 47 класс-комплект түзүлгөн. Педогогикалык эмгек жамааты 47 мугалим, анын ичинен 5 мугалим декреттик өргүүдө, алардын арасында көп жылдык тажрыйбасы бар, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон мугалимдер бар.
Мектептин педагогикалык жамаатынын окуу-тарбиялык ишин талдоодо билим берүү сапаты 38%ды, жетишүүсү- 99%ды көрсөтүп турат.
Окуучулар ар кандай деңгээлдеги олимпиадаларга жигердүү катышып турушат:
-мектеп ичиндеги - 320, жеңүүчүлөр - 85;
-райондук - 22, жеңүүчүлөр - 9;
-облустук - 2, жеңүүчүлөр – 1.
ЖРТгө 46 окуучу катышты, мыкты жыйынтык -168 балл, орточо балл-135 балл.
2018-2019-жылдын жыйынтыгы менен 9-класстын бир окуучусу, 11-класстын үч окуучусу мектепти “эң мыкты” баалар менен аякташты.
Райондук “Жыл мугалими-2019” сынагында башталгыч класстын мугалими Алиева Рахат Адилкановна байгелүү 3-орунду багындырды.
Бирок, жалпы билим берүу мекемелеринин ишинде билим берүү процессинин сапатын көтөрүүдө тоскоолдуктарды жараткан аягына чейин иштелип чыкпаган, жетишпегендиктерге орун берилген.
Билим берүүнүн сапатынын төмөндөшүнүн башкы себеби болуп квалификациялуу адистердин жана ошондой эле жаш педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги саналат.
№1-КОМГ - 24 мугалим;
№3-КОМГ - 11 мугалим;
№4-КОМГ - 19 мугалим;
Жыйынтыгында жалпы 54 мугалим жетишпейт.
Кант шаарынын мэриясы тарабынан түзүү, шарттарды жакшыртуу боюнча чоң иштер жасалууда. 2019-2020—окуу жылынын башталышында №1-КОМГда оңдоо иштери жүргүзүлдү, ошол эле учурда №3-КОМГда “Ысык тамак” программасын ишке ашыруу боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Бардык мектептерге 20 класс-комплекттер, 40 мектеп такталары жеткирилди.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2019-2020-окуу жылына тапшырмалар такталды.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, көйгөйлөрдү талдоо, чечүү жолдору, келечектүү пландар жөнүндөгү” маалыматы кабыл алынсын.
2. Кант шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине:
- Билим берүү процессинде жаңы максаттуу багыттарды өздөштүрүшсүн;
- Кесипкөй педагогикалык компетенттүүлүктү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жолу менен түзүү жана өнүктүрүү;
- окуучуларга жана ата-энелерге, ошондой эле пикир алышууда, окууда, өнүгүүдө, социализациялоодо же социалдык-кооптуу абалда болгон “кооптуу топтогу” балдарга өз убагында комплекстүү, жеке белгилүү, социалдык-педагогикалык, психологиялык жана укуктук жардам берүүнү уюштуруу;
- Ысык-Ата РЭСӨБнын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен үй-бүлөлүк ынтымактысыздык, социалдык жетимдик, балдарга байланышкан зордук-зомбулук жана көзөмөлсүздүктүн алдын алуу, окуучулардын укук бузуусу, СЖОын пропагандалоо иш-чараларын өткөрүү.
- Кант шаардык мэриясы Кант шаарындагы жалпы билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери:
- Кант шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын бекемдөөнү камсыздашсын;
- тубаса жана таланттуу балдарды аныктоо жана өнүктүрүү боюнча ишти активдештирип, ошол эле учурда олимпиадалык жана сынактык кыймылдарды өнүктүрүп, окуу-тарбия процессинде, окуучуларынын окуу жылынын жыйынтыгында, ЖРТдө, олимпиада ж.б. жогорку жыйынтыктарга жетишкен педагогдордун эмгеги шыктандырылсын;
- Кант шаарындагы билим берүү мекемелеринин аймагын көрктөндүрүу жана жашылдандыруу иштери улантылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (Кадыров У.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |