КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
15-сессия
2019-жылдын 25-сентябры № 119/XV-27
№4-КГОМнин кошумча курулушуна мурда 2019-жылдын башындагы эркин калдыктан бөлүнгөн акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын 18.09.2019-ж.№01-14/689/1 №4-КГОМнин кошумча курулушуна мурда 2019-жылдын башындагы эркин калдыктан бөлүнгөн акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясы №4-КГОМнин кошумча курулушуна 2019-жылдын башындагы эркин калдыктан мурда бөлүнгөн 20 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражатынын 17 млн. сому төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
- ШМҮнүн аймагын көрктөндүрүүгө – 5 млн. сом;
- Мэриянын аймагын көрктөндүрүүгө – 1 млн. 500 тыс. сом;
- ШМҮнүн ички имаратын оңдоого – 3 млн. сом;
- РМҮнүн имаратын оңдоого – 3 млн. 500 тыс. сом;
- Жолду оңдоого – 4 млн. сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына(Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |