Редакцияот 11.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2021-жылдын 11-августу № 18

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:

 

1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө, тактап айтканда орто мектептер бөлүмүнө 2221 кезектеги оңдоолор беренесинен 540,0 миң сом, аппарат бөлүмүнүн 2221 кезектеги оңдоолор беренесине, Б.Мергенов орто мектебинин ашканасын реконструкциялоо үчүн которулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Бөрүев