СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 15
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн карамагында турган чайкананын мыйзамдуулугун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Суу-Башы айыл аймагындагы ижарада турган чайкананын мыйзамдуулугун кароо максатында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы ижарада турган чайкананын мыйзамдуулугун кароо боюнча ижарачы И.Пазыловдун отчёту угулсун жана мыйзамдуулук боюнча иши өз компетенциясынын чегинде териштирилип аныкталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |