СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2021-жылдын 3-марты № 68
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Баткен райондук статистика бөлүмүнүн катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринин 2016-жылдын 12-июлундагы №11-17 кеңешмесинин протоколунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринин 2016-жылдын 12-июлундагы №11-17 кеңешмесинин протоколунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Суу-Башы айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Р. Артыкбаев |