Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 17-апрели № 85

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:

"7-1) тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;".

2. 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын:

"3-2) өз убагында тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышууларга алып келген мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциясынын чектеринде чараларды көрбөсө;".

2-берене.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

20-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:

"17-1) этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.