Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 16-майы № 98
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2021-жылдын 15-январындагы № 5, 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2023-жылдын 23-майындагы № 108, 2023-жылдын 4-августундагы № 163, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттик чек ара саясатынын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын талаптагыдай кайтаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин белгилейт жана бекемдейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургак жеринин, сууларынын, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин аныктаган тилке жана ал тилке боюнча өтүүчү тик бет, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү өкүм сүргөн мейкиндиктин чеги;
өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контроль - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдарга жана транспорт каражаттарына, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата чек аралык, бажылык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контроль, баңги каражаттарын жүгүртүүгө контроль жана контролдун башка түрлөрү;
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин ортосундагы Мамлекеттик чек арадан өтүү карталары боюнча кеңири сыпаттоону түзүү менен келишимдик аныктоо;
Мамлекеттик чек араны демаркациялоо - Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек ара тилкелерин жеринде так аныктоо жана чек ара белгилери менен белгилөө;
анык документ - аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө бардык бөлүктөрү жана маалым даректери туура келген, ага укуктуу органдар тарабынан тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган, мөөнөтү өтүп кетпеген, көрсөтүүчүгө таандык болгон жана жасалмалары жок инсандыкты ырастоочу документ;
инсандыкты ырастоочу документ - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, үлгүсү дипломатиялык каналдар боюнча жиберилген жана Кыргыз Республикасында ушундай сапатта таанылган Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдын статусун тастыктоочу документ;
Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмү - Мамлекеттик чек араны кайтаруу максатында курулуучу, жабдылуучу жана пайдаланылуучу чектердин, объекттердин, гидротехникалык, инженердик жана башка курулмалардын жана тосмолордун комплекси;
чек ара коопсуздугу чек ара мейкиндигинде ички жана тышкы коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат;
чек ара саясаты мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган координацияланган, макулдашылган иштери;
чек ара араздашуусу - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди бузууда көрүнгөн чектеш мамлекеттердин жарандарынын, аскер кызматчыларынын же жергиликтүү бийликтеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында келип чыккан, чектеш мамлекеттердин кызыкчылыктарын козгогон жана Мамлекеттик чек ара режимин бузуу же материалдык же башка зыян келтирүү менен байланышкан Мамлекеттик чек арадагы окуя;
чек ара чыр-чатагы - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү жарандардын жана өткөрүү пунктунда Мамлекеттик чек араны кайтарууну же контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдарынын расмий өкүлдөрүнүн карама-каршы кызыкчылыктарынын алардын ортосундагы ачык каршы аракеттеринен көрүнгөн кокусунан же атайылап уюштурулган араздашуусу. Чыр-чатактар кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү же созуктурулган болушу мүмкүн;
чек ара контролу - Кыргыз Республикасына кирүүчү адамдардын Мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн мыйзамдык негиздерди таануу боюнча аракеттердин комплексин жүргүзүүдөн, же болбосо Кыргыз Республикасынан чыга турган адамдарга мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берүүдөн, ошондой эле Мамлекеттик чек араны бузуучуларды табуу жана кармоо боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруудан турган, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга мыйзамдар менен тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды табуу жана кармоо боюнча Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы мамлекеттик контролдоонун түрү;