Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 13-июну № 130
2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Энергетикалык секторду өнүктүрүү саясатын колдоого операциялар" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Энергетикалык секторду өнүктүрүү саясатын колдоого операциялар" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 19-июнунда № 56 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |