Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-июлу № 144
2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө" Кредиттик макулдашууну; 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашууну; 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (фаза II)" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө" Кредиттик макулдашуу; 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашуу; 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (фаза II)" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 7-июлунда № 62 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |