Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-июлу № 145
2014-жылдын 12-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 12-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарийге көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 7-июлунда № 62 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |