Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 155
Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу
1-берене.
1979-жылдын 26-октябрында кабыл алынган Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга кошулуу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ядролук материалды физикалык коргоо үчүн жооптуу борбордук орган болуп аныкталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |