Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 164
2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF 017895 грантын берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF 017895 грантын берүү жөнүндө Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк Банкка) кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 21-июлунда № 66 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |