Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 166
2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү үчүн Ислам Тилектештиги фондунун администратору катары) ортосундагы "Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү үчүн Ислам Тилектештиги фондунун администратору катары) ортосундагы "Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына (Өнүктүрүү үчүн Ислам Тилектештиги фондунун администратору катары) белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 21-июлунда № 66 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |