Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-июлу № 168
2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө сауд тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-июлунда № 67 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |