Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-июлу № 173
2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алардын тийиштүү аймактарынын ортосунда жана чектеринен тышкары аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алардын тийиштүү аймактарынын ортосунда жана чектеринен тышкары аба катнашы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө араб тарапка кабарласын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-июлунда № 67 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |