Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки календардык айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АБА КОДЕКСИ
2015-жылдын 6-августу № 218
(КР 2015-жылдын 6-августундагы N 219 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 3, 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Эгемендүүлүк
Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигине карата толук жана өзүнө гана таандык болгон эгемендүүлүккө ээ. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү мейкиндикти билдирет.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин максаттары
1. Кыргыз Республикасынын Аба кодекси (мындан ары - Кодекс) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун укуктук негизин жана Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуз аба ташууларга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында жарандык авиация жаатында ишти белгилейт.
2. Жарандык авиация жаатында ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун максаты коопсуз аба ташууларын жана авиациялык жумуштарды камсыз кылуу болуп саналат.
3-берене. Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Кодекстен, ушул Кодекске ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, Авиациялык эрежелеринен Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелеринен жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери болуп Кыргыз Республикасында жарандык авиациянын ишин жөнгө салуучу, ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунушталуучу тажрыйбасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары саналат.