Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 7-августу № 220
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош областындагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын администрациялык-аймактык чек араларын белгилөө жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын 2,3 гектар жери Кыргыз Республикасынын Ош шаарына өткөрүп берилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош областындагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |