КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 28-январы № 14
2015-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында жана 2015-жылдын 22-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында жана 2015-жылдын 22-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |